Канадада Кыргызстандын компаниясы алган учактарды сынап көрүштү. Видео

Bombardier Dash Q8-400 чет элдик De Havilland Aircraft of Canada заводунда чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Мамлекеттик Asman Airlines компаниясынын Кыргызстанга алып келе турган учактарын Канадада сынап көрүштү. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Кеп болуп жаткан Bombardier Dash Q8-400 үлгүсүндөгү аба кемеси De Havilland Aircraft of Canada заводунда чыгарылган.
Учактар өлкөгө алып келинери менен облус аралык авиакаттамдардын негизинде аймактарга уча баштамакчы.
Мурдараак Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы ички каттамдарды аткара баштаары жана билеттердин баасы айтылган эле.
"Каракол" аэропортунун курулушу күздө соңуна чыгат