"Түшүнбөгөн суроо болсо чалыңыз". Муфтият call-борбор ачты

Шергазиев мыкты, тажрыйбалуу, кесипкөй устаздар жарандардын дин, шарият боюнча соболдоруна жооп беришерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында заманбап call-борбор ачылды. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган кызмат фатва бөлүмүнүн алдында түптөлүп, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган.
1 / 3

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында заманбап call-борбор ачылды

2 / 3

Аталган кызмат фатва бөлүмүнүн алдында түптөлүп, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган

3 / 3

Муфтий Абдулазиз Закиров маалымат, байланыш жана коммуникация өнүккөн доордо жарандар үйүндө отуруп эле дин боюнча суроолоруна жооп ала турган мындай борбордун керек экендигин айткан

Муфтий Абдулазиз Закиров маалымат, байланыш жана коммуникация өнүккөн доордо жарандар үйүндө отуруп эле дин боюнча суроолоруна жооп ала турган мындай борбордун керек экендигин айткан.
Фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазиев фатва маселелеринде мыкты, тажрыйбалуу, кесипкөй устаздар жарандардын дин, шарият боюнча соболдоруна жооп беришерин билдирген.
Дин жаатындагы суроосу барлар дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 9:00 дөн 17:00гө дейре кайрыла алышат.
"Сиз билбеген, түшүнбөгөн же жүрөгүңүздү өйүгөн диний суроолоруӊуз болсо биздин сall-борборго чалып, жооп алсаңыз болот. Бул кызматтан пайдалануу үчүн +996550557775 номурун териңиз!" — деп кайрылган муфтият элге.
УКМК: мыйзамсыз иш жүргүзгөн медресе аныкталып, иши токтотулду