Бишкек таксисттерге карата талаптарды күчөтүүнү көздөөдө

Долбоорду мэрия демилгеледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана багажды такси менен ташуу эрежелерин бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.
Документте таксисттердин, жүргүнчүлөрдүн, диспетчердик жана маалымат кызматтарынын укуктары менен милдеттери каралган.
Демилгечи — борбор калаанын мэриясы. Муниципалитет белгилегендей, учурда бирдиктүү эрежелер жана жоболор жок болгондуктан кызмат көрсөтүүнүн сапатына таасирин тийгизүүдө. Республикада 300 миңден ашык, борбордо 10 миңден ашык таксист бар.
Мэриянын маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы таксисттердин 70 пайызы ЯндексТакси компаниясы аркылуу иштешет. Анда айдоочунун тапкан акчасынын 21 пайызын ошол ишкана алып, анын үч пайызы өнөктөш фирмаларга өтөт. Ошол эле учурда тобокелдиктер менен эреже бузуулар үчүн жоопкерчилик платформага эмес, айдоочуларга жүктөлөт.

"ЯндексТакси жана башка ири операторлордун үстөмдүгүн эске алганда рынокту монополизациялоо тенденциясы байкалууда. Бул нерсе тарифтердин жогорулашына жана чет өлкөгө олуттуу акчанын агылышына алып келет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары такси компанияларынын тарифтерин жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ал ар бир кардардан түшкөн акчанын 10 пайызынан ашпайт", — деди мэрия.

Транспорттук уюмдарга айдоочуларды жумушка алуу Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек. Ага ылайык, тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүк, медициналык китепче жана рулга отурууга уруксат берген медициналык маалым кат талап кылынат.
Таксист болуп 21 жаштан жогорку курактагы, В категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар, жалпы айдоо тажрыйбасы үч жылдан кем эмес же унаа айдоочусу болуп бир жылдан кем эмес эмгектенген жарандар иштей алат.
Айдоочунун иш стажы жумушка кабыл алынганда эмгек китепчесиндеги жазуулар, зарыл болгон учурда мурда иштеген жеринен маалым каттар, буйруктардын же эмгек келишимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Таксист күн сайын жолго чыгар алдында медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү болот.
Салондо тамеки чегүүгө тыюу салынат. Терезелер жүргүнчүлөр менен айдоочунун өз ара макулдугу жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен гана ачылат.
Жүргүнчү таксисттен эң кыска же уруксат берилген башка маршрут боюнча жүрүүнү талап кылууга укуктуу.
Такси унаасынын айдоочусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
көчөлөрдүн жана негизги объектилердин жайгашкан жерин жана аталышын, такси унаалары үчүн токтоочу жайлардын, медициналык пунктулардын, жолдун кооптуу участокторунун жайгашкан жерин, такси диспетчердик кызматынын же маалымат кызматынын телефон номерлерин билүүгө;
жүргүнчүлөр жана көзөмөлдөөчүлөр менен сылык болууга;
жүргүнчүлөрдү тейлөө аймагынын чегинде көрсөтүлгөн даректерге жеткирүүгө.
Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө 39 өнөр жай ишканасын ачуу пландалууда