VI көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Өзбекстанга берүүнү Кыргызстан чечти

Буга чейин VI көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөрү айтылган, бирок эми анын коңшу мамлекетте уюштурулары маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн VI дүйнөлүк оюндарын (ДКО) өткөрүү (2026-жыл) укугу Өзбекстанга Кыргызстандын чечими менен берилди. Бул туурасында президенттин администрациясынан билдиришти.
Буга чейин VI көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөрү айтылган, бирок эми анын коңшу мамлекетте уюштурулары маалым болду.
Sputnik Кыргызстан президенттин администрациясына кайрылып, бул боюнча комментарий сурады. Ал жактан аталган оюндар эл аралык иш-чара экендигин, Кыргызстан демилгечи өлкө катары ДКОнун эл аралык масштабга ээ болгонуна сыймыктанарын айтышты.
"Эки жыл мурда Көчмөндөр оюндары Түркияда болду, быйыл Казакстан өткөрөт. ДКО көчмөн элдердин салтын, маданий мурастарын даңазалаган улуттук чыныгы жетишкендикке айланды. Өлкөнүн жетекчилиги кезектеги оюндарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн боордош Өзбекстанга берүүнү чечти. Бул биздин элдердин ортосундагы бекем мамиле менен бир туугандыкты көрсөтүп турат", — деп айтышты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын бренди. Туңгуч ирет 2014-жылы өткөн. 2016, 2018-жылдары Кыргызстандын аймагында уюштурулган. 2022-жылы Түркияда болсо, быйыл көчмөндөр духун дүйнөгө жайылтууга Казакстан камданып турат.
Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 268 спортчу барат