Кара-Сууда 351,5 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кара-Суу районунда жалпы суммасы 351 миллион 505 миң сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Кара-Суу районунда жалпы суммасы 351 миллион 505 миң сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

2 / 4

Буга чейин көзөмөл органы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигине прокурордук чара көрүү актысы берилген

3 / 4

Жалпы аянты 102,43 гектарга жеткен жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды

4 / 4

Буга чейин Жоош, Отуз-Адыр, Жаңы-Арык, Сары-Колот айыл аймактарында, ошондой эле Кара-Суу шаарында жайгашкан жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен. Анда питомник жана өнөр жай жерлери болгон

Буга чейин көзөмөл органы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигине прокурордук чара көрүү актысы берилген. Жалпы аянты 102,43 гектарга жеткен жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.
"Буга чейин Жоош, Отуз-Адыр, Жаңы-Арык, Сары-Колот айыл аймактарында, ошондой эле Кара-Суу шаарында жайгашкан жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен. Анда питомник жана өнөр жай жерлери болгон", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көлдө 6 млн. сомдук кампа мамлекетке кайтарылды