Автокырсыктан жабыркаган кишини алып бараткан тез жардамды BMW сүздү. Видео

Медиктердин ичинен бирөө ооруканага түшкөн. Фельдшер менен айдоочу амбулатордук дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Борбор калаада жол кырсыктан Тез жардам кызматынын медиктери менен айдоочусу жабыркаган. Бул туурасында Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун директору Искендер Шаяхметов Sputnik агенттигине билдирди.
Окуя кечээ кечинде Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Медиктер жол кырсыктан кансыраган бейтапты алып баратып көп узабай, тагыраагы, Манас проспекти менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен дагы автокырсыкка кабылышкан.
Шаяхметов бригада кансыраган бейтапты алып баратканда BMW машинасы менен сүзүшкөнүн билдирди. Анын кесепетинен реаниматолог дарыгер башынан жаракат алып, мээси чайкалган, төш жана бел тарабын оорутуп алган. Фельдшердин мээси чайкалып, моюнун оорутуп алган. Айдоочунун да мээси чайкалып, жеңил жаракат алган. Кансырап бараткан бейтап бул кырсыктан жабыркаган эмес.
Шаяхметов дарыгер Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө, фельдшер менен айдоочу амбулатордук дарыланууда экенин кошумчалады. Ал эми жеңил автоунаанын рулундагы киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган эмес.
Нарын: шаарга чукул жердеги үрөй учурган автокырсыктан бир киши көз жумду. Сүрөт