Бишкекте аутист баланы муштаган киши милицияга өзү келди. Видео

Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну окуя Фучик көчөсүндөгү ооруканада болгонун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкектеги ооруканада аутист баланы муштап жиберген киши милицияга өзү келди. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
27-августта болгон окуя видеого түшүп калган. Балага эжеси болушуп, кийин милицияга арыз жазган.
Бишкек шаарынын34 жаштагы тургуну окуя Фучик көчөсүндөгү ооруканада болгонун билдирген.

"Баланын ата-энесинен, жакындарынан, эжесинен кечирим сурайм. Бала өзгөчө экенин чындап билген эмесмин. Ал сумкамды ачып жатканда баалуу бир нерсемди уурдайбы деп ойлоп кеттим. Кечирип койгула. Эртеси интернетте бул видео тарап кетиптир. Милицияга өз ыктыярым менен келдим", — деди ал.

РИИБ экспертиза дайындалганын, анын жыйынтыгына жараша чечим чыга турганын билдирди.
Радио
Кыргызстанда аутизм менен ооругандардын так саны белгисиз