Тез жардамдын айдоочусу баңгизат колдонгон деген маалыматка анын жетекчиси жооп берди

Автокырсыктан кийин айдоочу баса албагандыктан ооруну басаңдатуучу трамадол дарысы сайылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кечээ Бишкекте жол кырсыгына кабылган Тез жардам кызматына тиешелүү машинанын айдоочусу баңгизаттын таасиринде болгон эмес. Бул туурасында Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун директору Искендер Шаяхметов Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Ал автокырсыктан кийин айдоочу баса албагандыктан ооруну басаңдатуучу трамадол дарысы сайылгандыгын дарыгер менен фельдшер айтканын белгиледи.
"Бул ооруну басаңдата турган күчтүү, бирок наркотикалык эмес дары. Анализде ал наркотикалык дары катары аныкталат. Айдоочуга бул препарат сайылганы документ жүзүндө тастыкталган", — деген ал.
Эске салсак, жол кырсыгы кечээ кечинде баш калаада болгон. Медиктер Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон автокырсыктын кесепетинен кансыраган бейтапты алып баратып, экинчисине кабылышкан. Реаниматолог дарыгер башынан жаракат алып, мээси чайкалган, төш жана бел тарабын оорутуп алган. Фельдшердин мээси чайкалып, мойнун оорутуп алган. Айдоочунун да мээси чайкалып, жеңил жаракат алган.
Андан көп өтпөй жол кырсыкка кабылган Тез жардам кызматынын автоунаасынын айдоочусу баңгизат колдонгон деген маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкен.
Качам деп милиционерди коюп кетти. “Манаска” кеткен жолдогу кырсыктын видеосу