Бишкекте жол кырсыгына кабылган тез жардамдын айдоочусу баңгизат колдонгон

Текшерүү иштери жол кырсыгынан кийин жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгына кабылган тез жардам унаасынын айдоочусу баңгизат колдонгон. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу соо болгон. Текшерүү иштери жол кырсыгынан кийин жүргүзүлгөн.
Эске салсак, окуя кечээ кечинде Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Медиктер жол кырсыгынан кансыраган бейтапты алып баратып көп узабай, тагыраагы, Манас проспекти менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен дагы автокырсыкка кабылышкан. Бригада кансыраган бейтапты алып баратканда BMW машинасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен реаниматолог дарыгер башынан жаракат алып, мээси чайкалган, төш жана бел тарабын оорутуп алган. Фельдшердин мээси чайкалып, мойнун оорутуп алган. Айдоочунун да мээси чайкалып, жеңил жаракат алган. Кансырап бараткан бейтап бул кырсыктан жабыркаган эмес.
Качам деп милиционерди коюп кетти. “Манаска” кеткен жолдогу кырсыктын видеосу