Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар көчөлөр жабылат. Тизме

Милиция шаар тургундары менен конокторду киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда борбор калаанын "Ала-Тоо" аянты жана бир катар көчөлөр автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
31-августта чектөө кире турган көчөлөрдүн тизмеси:
Чүй простпектинин Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Эркиндик проспектинен Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
Орозбеков менен Раззаков көчөлөрүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүктөрү;
Ибраимов көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Чыңгыз Айтматов, Манас проспекти, Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрү да маал-маалы менен жабылып турат.
Тушоо кесүү, көргөзмө, концерт. Ош шаарында 31-августта боло турчу иш-чаралар