Радио

Дүйшөнкулова: өлкөдө баланы алты айга чейин эмизгендер аз

Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дуйшенкулова өлкөдө баланы алты айга чейин эмизген энелер аз экенин айтты.
Sputnik
Изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда алты айга чейинки балдардын 44 пайызы гана кошумча тамаксыз эмчек сүтү менен багылат. Бул тууралуу Марина Дуйшенкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч менен өлкө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2025-жылга чейин кеминде 50 пайызга жетүү максатынан артта калууда.

"Өлкөдө эне сүтү менен гана багылган балдар 48 пайызга төмөн болууда. Мунун бир нече себеби болушу мүмкүн. Учурда маркетинг күч алып жатат. Көпчүлүк энелер социалдык тармактарда белгилүү адамдар жарнамалаган ар кандай жасалма сүттөрдү, витаминдерди пайдаланып жатышат. Алар мындай нерселер пайдалуу деп ойлошот. Бирок баланын келечекте ден соолугу чың болуусуна бир гана сүттүн таасири күчтүү. Аны эч бир тамакка, витаминге алмаштырып болбойт. Мындан тышкары, кээ бирлери эмизгенде эмчектин формасы бузулат деп чочулайт. Айрымдары баланы туура эмес кармап эмизгендиктен эмчектеринин учтары жарылып, канап, ачышып, кыйналып кетишет. Бул учурда да эмизүүдөн баш тартышат. Ошондой эле миграция да себеп болушу мүмкүн. Мындан улам ымыркай үчүн эненин сүтү канчалык пайдалуу экенин түшүндүрүү иштерин болушунча көбөйтүп жатабыз. Саламаттыкты сактоо мекемелеринен тышкары өнүктүрүү уюмдары менен биргеликте ар кандай жактан маалыматты таратуунун аракетиндебиз. Эне ымыркайын эмизүү боюнча маалыматты эң биринчи төрөт үйүнөн алып калышы мүмкүн. Ошондуктан андагы дарыгерлерге туура маалыматты жеткирүү максатында окутууларды уюштурууга басым жасалууда", — деди Дуйшенкулова.