29-августка карата аба ырайы

29-августка караган түнү айрым жерлерде жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп өткүн өтөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл жергесинде +20…+25, Нарын өрөөнүндө +21...+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +23…+25, Ош шаарында +28…+30, Чолпон-Атада +22…+24 градуска көтөрүлөт.
Эртеңден тарта нөшөрлүү жаан жаайт. ӨКМ сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти