28-29-августта таш кулап, сел жүрүү кооптуулугу жаралган аймактар. ӨКМдин тизмеси

Министрлик элди этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырып, өзгөчө кырдаалдардын күбөсү болсо токтоосуз 112 кызматына чалууну эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет бүгүн, эртең өлкө аймагында нөшөрлөп жамгыр жаашы мүмкүн экенин кабарлап, ӨКМ сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн деген кооптуу жерлердин тизмесин жарыялады.
Бишкек – Ош жолунун 140-200-чакырымдарында;
Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жолунун 155-170-чакырымдарында;
Талды-Суу – Арал жолунун 4-15-чакырымдарында;
Ош – Раззаков жолунун 40-100-чакырымдарында;
Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-13, 22-24-чакырымдарында.
Андан сырткары, министрлик төмөнкү облустардын бир катар райондорун кошту:
Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;
Жалал-Абад облусунун Аксы, Токтогул, Ала-Бука, Ноокен, Тогуз-Торо жана Базар-Коргон райондорунда;
Ош облусунун Кара-Кулжа, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда;
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ысык-Көл жана Түп райондорунда;
Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда;
Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда;
Талас облусунун Ч.Айтматов, Манас, Бакай-Ата, Талас райондорунда да сел жүрүп, тоолуу тилкелеринде таш кулашы мүмкүн.
ӨКМ жарандарды, айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырып, өзгөчө кырдаалдардын күбөсү болсо токтоосуз 112 кызматына чалууну эскертти.
Эртеңден тарта нөшөрлүү жаан жаайт. ӨКМ сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти