Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 100 жыл! Басма сөздүн баскан жолу.

Sputnik
Быйыл Кыргызстан өзүнүн мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатат. Албетте бул тарыхты басма сөзсүз элестетүү кыйын. Кара кыргыз автоном облусу менен киндиктеш кыргыз тилиндеги тырмак алды басма каражаты Эркин Тоо, азыркы учурда Кыргыз Туусу гезити да өзүнүн 100 жылдык юбилейин белгилеп отурат. Бул аралыкта кыргыз журналистикасы кандай жолду басып өттү? Социалисттик өлкөдө жашап, демократ болуп ойгонуу ата мекендик басма сөзгө кандай таасирин тийгизди. Бүгүнкү “Кеменгер” программасында кеп курабыз.