12 жылдык билим берүү системасында окуучу тил үйрөнүүдөн тышкары орто кесипке да ээ болуп чыгат

Sputnik
1-класска баруучу курактагы балдардын 25-30у мектепке даярданбайт. Башкача айтканда даярдоо программаларынан өтпөйт. Ал эми 12 жылдык билим берүү системасында бардык 6 жаштагы балдар мектеп босогосун аттайт. Бир жыл окуган соң, нөлүнчү класстан 2-класска секирик жасашат. Бул тутумда Сингапурдун модели пайдаланылган. Учурда окуу китептерин которуу иштери жүрүүдө. Ал 2025-2026-жылдагы окуу жылында китеп болуп басылып толук окуучуларга сунушталат. Муну менен катар мугалимдер да атайын тренингдердин негизинде кайра даярдоодон өтөт. Билим берүү жааты 12 жылдыкка этап этабы менен өтөт. Мында балдарды анализдөөгө, изденүүгө, жаратмандыкка, жоопкерчиликке жана чечкиндүүлүккө тарбиялоого басым жасалат.