Кунары кеткен жайыттарды жаңы “жайыт программасы” жакшырта алабы?

Sputnik
Министрлер Кабинетинин токтому менен “2024–2029-жылдарга карата жайыттарды өнүктүрүү программасы” кабыл алынды. Бул программа жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу үчүн стратегиялык документ болуп эсептелинип жана жайыттарды өнүктүрүүдө чоң рол ойной тургандыгы кабарланды. Ал кантип ишке ашат? Ичине эмнелер камтылган?
Ушул жана башка суроолорго Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум, мал чарба жайыт жана тоют департаментинин Жайыттарды башкаруу, жакшыртуу жана пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Абатбеков жооп берди.