БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда 134 миллион 73 миң 600 сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.
© Фото / пресс-служба Генпрокуратуры КР
Буга чейин көзөмөл органы текшерүү жүргүзүп, 375 гектер жер жеке жактарга мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган.
"Жер тилке "Дан" мамлекеттик ишканасына таандык болчу. 2005-жылы алгач жергиликтүү бийликке өтүп, андан кийин жеке тараптарга берилип кеткен. Акт түзүлүп, андан соң жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылган", — дешти Башкы прокуратурадан.