Эртеңден тарта нөшөрлүү жаан жаайт. ӨКМ сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти

Министрлик жаратылышта эс алууну башка күнгө жылдырууну өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. ӨКМ 28-29-август күндөрү нөшөрлүү жаандан улам өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Министрлик элге кайрылып, тоодо, капчыгай, суу жээктеринде эс алууну башка күнгө жылдырууну сунуштаган.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралса күнү-түнү иштеген 112 номерине кайрылууга болот. Чалуу акысыз.
Ысык-Атада сууга түшүп кеткен үч жашар баланын сөөгү табылды