Ысык-Көлдө 6 млн. сомдук кампа мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы баасы 6 миллион сомду түзгөн дан кампасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 2

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы баасы 6 миллион сомду түзгөн дан кампасы мамлекетке кайтарылды

2 / 2

Маалыматка караганда, Ичке-Жергез айылындагы 700 чарчы метрлик кампа жайгашкан жердин жалпы аянты бир гектарды түзөт

Маалыматка караганда, Ичке-Жергез айылындагы 700 чарчы метрлик кампа жайгашкан жердин жалпы аянты бир гектарды түзөт.
"2000-жылдын башында С.Б. аттуу мурдагы аткаминер кызматтык абалынан пайдаланып, Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аркылуу документтерди жасалмалап, бир гектар жер тилкеси менен дан кампасын жеке менчикке өткөрүп алган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, кампаны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана басылмаларды аныктоо, мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантып жатканы белгиленди.
УКМК: баасы 2 млрд. сом болгон стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды