Ысык-Атада сууга түшүп кеткен үч жашар баланын сөөгү табылды

Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Дружба айылында дайынсыз болуп жаткан үч жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эске салсак, 19-августта Чоң Чүй каналынын аймагынан Амир аттуу бөбөк жоголгон. Аны издөөгө куткаруучулар тартылган.
Бүгүн, 27-августта, милицияга Кант шаарынын Панфилов көчөсүндөгү суу бөлүштүрүүчү жерде белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине барганда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен Амир экени аныкталган.
Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.
Кыргызстандык Россияда 8-кабаттын терезесине чыгып алган бөбөктү куткарды