Бишкек ТЭЦине көмүр келе баштады

Бүгүнкү күндө кампаларда 194 миң тонна көмүр бар.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ, ТЭЦ) көмүр келе баштагынын мэрия билдирди.
Маалыматта 180 миң тонна жогорку калориялуу көмүр Ак-Улак участкасынан, Миң-Куш кенинен ташылып келгени айтылат.
Мындан тышкары, "Д" маркасындагы 250 миң тонна көмүрдү четтен алып келүүгө жана "Кыргыз көмүр" ишканасы менен 520 миң тонна Кабак көмүрүн алууга келишим түзүлүп, 50 миң тонна кыргыз көмүрүн алууга тендер жарыяланган.
"Электр энергиясы жана жылуулук менен толук кандуу камсыздоо үчүн бир миллион тонна көмүр, 110 миллион куб метр газ жана 8 000 тонна мазут даярдоо пландаштырылууда", — деп жазылган билдирүүдө.
Мэрия жеткирүүлөр белгиленген графиктерге ылайык 2024-жылдын августунан 2025-жылдын мартына чейин жүргүзүлөрүн белгиледи. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 194 миң тонна көмүр бар.
Кыргызстанда көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет