Бишкекте каналга аккан 15 жаштагы бала изделип жатат. Ата-энеси жардам суроодо

Баланын ата-энеси коомчулукка кайрылып, 15 жаштагы уулу Абдраман Аскарбековду табышууга жардамдашууну өтүнүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. ӨКМ Бишкекте Октябрь районундагы Көк-Жар айылынан сууга агып кеткен 15 жаштагы бала изделип жатканын билдирди.
Маалыматта кырсык 23-августта болгонун, кечээ өспүрүмдү издөөгө 30 куткаруучу жана баланын туугандары тартылганы айтылат. Издөө иштери бүгүн да улантылууда.
Ал арада баланын ата-энеси коомчулукка кайрылып, 15 жаштагы Абдраман Аскарбеков Туңгуч кичи району жактан каналга агып кеткенин айтып, издөө иштерине жардамдашууну өтүнүшкөн. Атасы Намазбектин айтымында, баланын жанындагы 17 жаштагы агасынын куткарууга чамасы келбей калган.
"Баланын жардам сураганын көргөндөр болгон. Акыркы ирет Горький — Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшүптүр, эс-учун жоготуп койгон экен. Андан ары бул суу Чоң Чүй каналына кошулат. Кайдыгер карабаган мекендештеримден баламды табышууга жардам сурайм", — деп жазылат кайрылууда.
Ысык-Атада сууга түшүп кеткен үч жашар баланын сөөгү табылды