Жаңыланган стадиондо биринчи болуп Кыргызстан — Өзбекстан беттеши өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында реконструкциядан өткөн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук курама командалары кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.
Эскерте кетсек, учурда стадион жаңыланууда. КФБ бүгүнкү күндө реконструкциялоо иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калганын кабарлады.
Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана реконструкция боюнча иштерин аткарган компаниянын жетекчилиги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышкан.
Буга чейин жаңылангандан кийин борбордук стадион эл аралык стандарттарга жооп берип, күйөрмандар электрондук турникет аркылуу киргизилери белгиленди.
Стадионду оңдоп-түзөө иштери июнь айында башталган.
Оштун борбордук стадионунда 75,8 млн. сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт