Сокулукта кызын кошунасына таштаган боюнча кайтып келбеген аял изделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Сокулук районунда дайынсыз жоголгон Инна Козловская изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
19-августта милицияга арыз түшкөн. Анда 17-август күнү Военно-Антоновка айылында 39 жаштагы аял жашы жете элек кызын кошунасына таштап кеткен боюнча кайра кайтып келбегени айтылган.
Факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Аялдын белгилери: бою 165-170 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, чачы кара, сезонго жараша кийинген.
Козлованын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандар (0312) 60-75-67, (03134) 53-380 (нөөмөт бөлүмү) же (0701) 80-18-03 телефондору аркылуу кабарлай алат.
Ысык-Атада сууга түшүп кеткен үч жашар баланын сөөгү табылды