Ким уккусу келбесе укпай эле койсун! Садыр Жапаров талкууланган ырчылар тууралуу

Өлкө башчы Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктап келе турган ырчыларды кубануу менен тосуп алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигиндеги маегинде Эгемендүүлүк күнүндө чет элдик ырчылар келет деген маалыматтын айланасында талкууланган суроолорго жооп берди.
“Кабардын” журналисти өлкө башчыдан “Ырчылар чындап эле акысыз ырдап берели дештиби?” деп сураган.

“Мага маданият министри ушундай маалымат бергенде мен чындап эле сүйүндүм. Мурда Кыргызстан ким экенин, бул өлкө каякта экенин билбеген чет элдиктер көп болчу. Азыр эми силердин көз карандысыздыгыңарды куттуктап эл-журтуңарга концерт тартуулап кетели дегендерди кубануу менен тосуп албайлыбы”, — деген Жапаров.

Мындан сырткары, гонорар боюнча дагы суроо берилген.
“Гонорар албай эле келип кетебиз дешкен экен. Кудай жалгасын дедим. Албетте, жата турган жерин, тамак-ашын камсыз кылып беребиз. Биз меймандос калкпыз”, — деген Жапаров.
Ал ошондой эле соцтармактагы талаш-тартыштарга жооп берген.

“Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей коет дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келери күтүлүп жатат. Мурда чындап эле, керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан анча-мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз”, — деген президент.

Буга чейин Эгемендүүлүк күнүндө чет элден келчү ырчылардын тизмеси жарыяланган. Интернет-колдонуучулар аларды майрамга чакыруу ашыкча чыгым деген өңдүү пикирлерин жазып башташкан. Президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков ырчылар майрамды утурлай бекер ырдай турганын билдирген. Анын айтымында, майрамга Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Амирчик, Bosson жана италиялык ырчы, композитор IN-GRID келип катышат.
Эгемендүүлүк майрамында чет элдик ырчылар акысыз ырдай турганы айтылды