Париж прокуратурасы Дуровго 12 кылмыш боюнча күнөө тагып жатат

Ишкер 28-августка чейин камакта турушу мүмкүн, себеби мөөнөт 96 сааттан ашпаш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Telegram социалдык тармагын негиздеген Павел Дуров 12 кылмыш боюнча суракка алынууда, алардын көбү киберкылмыш жаатында. Бул туурасында РИА Новостиге Париж прокуратурасынан айтышкан.
Ишкер төмөнкүлөргө шектелип жатат:
уюшкан кылмыштуу топтун акчасын адалдоо;
мыйзам бузуу үчүн уюшкан кылмыштуу топ түзүү;
криптографикалык инструменттерди мыйзамсыз берүү менен ар кыл кызматтарды көрсөтүү.
Иликтөөдө төмөнкү иштерге катышкан деп да айтышууда:
мыйзамсыз которууларды жүргүзүүгө шарт түзгөн онлайн-платформаларды администрациялоо;
жашы жете электердин порнографиялык мүнөздөгү сүрөттөрүн сактоо жана таратуу;
баңгизаттарды алган, ташыган, сактаган жана башка бирөөлөргө берип турган;
уюшуп алган топ аркылуу жасаган алдамчылык.
Автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыккан системаны бузууга, ага кире турган жана ылайыкташтырылган жабдууларды, программаларды же маалыматтарды башкаларга мыйзамсыз берип, камсыздоого да шектелүүдө.
Мындан сырткары, маалыматтарды, документтери мыйзам чегинде алуу үчүн тиешелүү органдарга берүүдөн баш тартканы үчүн да иш козголгону айтылган. Ведомстводон июль айында эле Париж прокуратурасынын киберкылмыштуулук боюнча бөлүмү бул жаатта демилге көтөргөндүгүн кошумчалашты.
Дуровду камакта кармап туруу мөөнөтү 28-августка чейин болушу мүмкүн, себеби мөөнөт 96 сааттан ашпашы керек.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-августунда кечинде Франциянын ЖМКлары Telegram платформасынын ээси Дуровдун Ле-Бурже аэропортунда кармалганын билдиришкен. Окуя ишкер Азербайжандан келип, менчик учактан түшүп келе жатканда аэропортто болгон.
Жергиликтүү ЖМКнын билдиргенине караганда, Дуровдун Франция жарандыгы бар, өлкөдө издөөгө алынган адамдардын катарында турат. Сот аны бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп эсептейт, анын ичинде Telegram платформасынын өлкөнүн бийлиги менен кызматташуудан баш тарткандыгын да себеп катары кошууда.
Француз журналист Сирил Амурскинин айтымында, ишкер 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова ЖМКларга Москванын ишкерге жолукканга мүмкүнчүлүк берилиши боюнча нота жибергендигин, бирок Париж анын Франция жарандыгын бетке кармап жаткандыгын билдирген. Өкүл Россия бул окуяга эл аралык уюмдар кандай реакция кыларын байкап турарын кошумчалаган. Россиянын Франциядагы элчилигинен Париж Дуровдун кармалышы боюнча иштин алкагында кызматташуудан азырынча баш тартып тургандыгын айтышты.
Симоньян Франция бийлиги Дуровду эмнеге кармагандыгын айтты