Ошто өспүрүмдү кордогон деп эркек киши менен бир кыз кармалды

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдар аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ошто 15 жаштагы кызды сексуалдык кулчулукта кармоо фактысы боюнча эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган өспүрүм кыздын укугун коргоп, убакытты созбой чара көрүүгө чакырган. ИИМдин маалыматына караганда, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул окуя боюнча кабардар болгон. Аларга топ балдар менен кыздар өспүрүм кызды Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып себепсиз сабап, бир нече күндөн бери белгисиз даректе кармашкандыгы боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Факт 23-август күнү Ош ОИИБдин электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
"Жашы жете элек М.М. социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда күбө катарында суракка алынып, көрсөтмө берген. Ага карата соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза да дайындалган. Тийиштүү иш-чаралардын натыйжасында ур-токмокко алууга катышкан деп 21 жаштагы Э. Б. аттуу кыз кармалса, Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип 27 жаштагы У.Х. тергөө кызматына жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдар аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Далил катары видеолор алынган. Экспертизанын жыйынтыгы менен чечимдер кабыл алынып, коомчулукка кошумча маалымат берилери айтылды.
Кара-Сууда уктап жаткан секелекти уурдап кетип зордуктаган киши өмүр бою кесилди