БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү картошканы сатуу үчүн Өзбекстандагы ири супермаркеттердин бири менен келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда сүйлөшүү жыйынтыктоочу этабына келген.
"Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков үлгү катары Кыргызстандан картошканын беш сортун (пикассо, джелли, актриса, санибель жана каптива) көрсөткөн. Ал кыргызстандык жеткирүүчүлөр менен келишим түзүүдө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди", — деп жазылат маалыматта.
Алдын ала макулдушуу боюнча, коңшу өлкөгө жумасына үч жолу 60 тоннадан картошка жеткирилип турат.