Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Индиянын премьер-министри Путин менен Украина боюнча сүйлөштү

Буга чейин Индия Россия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө түздөн-түз ортомчу болуудан баш тартканы, бирок эки мамлекеттин ортосундагы билдирүүлөрдү жеткирүүгө жардам берери айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди шейшемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Модинин айтымында, сүйлөшүү эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана Украинадагы жаңжал тууралуу болгон.
"Бүгүн мен президент Путин менен сүйлөштүм. Биз өзгөчө жана артыкчылыктуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо боюнча чараларды талкууладык. Орус-украин чатагы боюнча да пикир алмаштык. Украинага жасаган иш сапарымдын жыйынтыгы менен бөлүшүп, Индия чыр-чатакты тез арада жана тынчтык жолу менен чечүүнү колдой турганын ырастадым", — деди Индиянын лидери.
Белгилей кетсек, буга чейин The Hindustan Times гезити жогорку даражалуу булактарга таянуу менен Индия Россия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө түз ортомчу болуудан баш тартып, бирок эки мамлекеттин ортосунда билдирүүлөрдү жеткирүүгө жардам бере аларын жазган.
Эске салсак, 8-9-июлда Индиянын премьер-министри Россияга расмий иш сапары менен барган. Моди Владимир Путин менен Ново-Огарево резиденциясында жолугушкан. Алар ошондой эле "Россия" көргөзмөсүндөгү "Атом" павильонуна барышып, делегациялар деңгээлинде расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында биргелешкен билдирүүлөргө кол коюлган.
Владимир Зеленский Модинин Путин менен жолугушуусун сындап, аны "тынчтык аракеттерин кыйратуучу сокку" деп атаган.
12-августта орус лидери Курск чөлкөмүнө кол салуунун фонунда Киев менен сүйлөшүүлөрдүн келечеги тууралуу айтып жатып, карапайым калкка жана жарандык инфраструктурага ылгабай кол салгандар менен сүйлөшүүлөр тууралуу кеп кылуу мүмкүн эместигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Индия Россия менен Украинага түз ортомчу боло албайт