Чыңгыз Айтматовдун иниси Илгиз Айтматов дүйнө салды

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, окумуштуу Илгиз Айтматов бүгүн таңда дүйнө салды. Кабарды маркумдун жакындары тастыктады.
Тоо-кен геомеханикасы боюнча илимпоз, техника илимдеринин доктору, илим жана техника боюнча СССРдин жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, окумуштуу 93 жашта эле.
Айтматов 260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган.
Ош шаарында согуштун жалгыз ардагери 99 жашында дүйнө салды. Некролог