ЕАЭБдин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүүгө басым жасалып, мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана тоскоолдуктарды жоюуга артыкчылык берилип жатат. Бул тууралуу Талант Орозалимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБде электрондук сооданын көлөмүн көбөйтүү жана өнүктүрүү үчүн санариптештирүүнүн бардык механизмдери колдонулуп жатат.
"Электрондук соода технологиялык, мыйзам чыгаруу жана инфраструктуралык даярдыкты талап кылат. Өлкөдө бул багыт 2019-жылдан тарта өнүгүү жолуна түштү. Алсак, "Электрондук соода жөнүндө" мыйзам Кыргызстандагы электрондук коммерциянын өнүгүшүнө негизги жолду ачты. 2022-жылдын башынан тарта электрондук соода жүргүзгөн ишкерлер Салык кодексинде жеңилдетилген салык режими менен иштеп, эки пайыз гана салык төлөп, калган кошумча төлөмдөрдөн бошотулган. Ал эми 2023-2026-жылдарга Кыргызстанда электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук программасы иштелип чыккан. Анда ЕАЭБдин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүүгө басым жасалып, мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана тоскоолдуктарды жоюуга артыкчылык берилери айтылган. Өлкөдө электрондук соодага дем берүү жана дүйнөлүк рынокторго чыгуу үчүн шарттарды түзүү иши күчөтүлүп, мындан ары эл аралык деңгээлге чыгуу аракети болмокчу", — деди Орозалимов.
Ошондой эле ал өлкөнүн электрондук соода паркын түзүү жана чек ара аймагындагы товарлар үчүн бажы кампаларын куруу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.