Радио

Кожошев: ЕАЭБге кирүүнү кыргызстандыктардын 75%ы колдогон

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев ЕАЭБдин түзүлүү тарыхына токтолду.
Sputnik
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү себептери көп болгон. Буга Казакстан, Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу да кирген. Жалпысынан кыргызстандыктардын 75 пайызы уюмга мүчө болууну колдогон. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурунда уюмга кирүү коомдо катуу талкуу жаратып, ага каршы чыккандар көбүнесе псевдоэксперттер болгон.
"Дүйнөдө жалпысынан 60тан ашык экономикалык уюм болсо, алардын эң ири ондугуна ЕАЭБ да кирет. Көлөмү чоң, тактап айтканда, географиялык аянты 20 миллион чакырым, 185 миллиондук рыногу бар, ресурстук базасы эң бай уюм. Мисалы, дүйнөдөгү газдын 20 пайыздык, мунайдын 7 пайыздык запасы ЕАЭБде. Кыргызстандын мындай уюмга мүчө болушу туура чечим болгон. Ички экономикага тийгизген оң таасирин учурда тана албайбыз", — деди Кожошев.
Министр уюм түзүлүп жатканда алдына беш тепкичтик тапшырма койсо, учурда анын үчүнчүсүн, тагыраагы, бирдиктүү рынок түзүүнүн үстүндө иш алып барып жатканын кошумчалады.