Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу 2024-жылдын сентябрь айында Астанада өтө турган оюндарга улуттук курама команданы даярдоо боюнча жыйында белгилүү болду.
Мындай чечим качан кабыл алынганы айтылган жок. Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтө турганы айтылган.
Эскерте кетсек, Кыргызстан ДКОнун демилгечиси болуп саналат. Оюндар үч ирет Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Эми бешинчиси сентябрь айында Казакстанда болот.
Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 268 спортчу барат