30-31-август күндөрү Бишкектин чоң жолдору маал-маалы менен жабылат

Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого республика боюнча ички иштер органдарынын 15 миңден ашык кызматкери тартылары маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата республика аймагында "Укук тартип" аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы өткөрүлүп жатканын кабарлады.
Маалыматта 30-августта майрамга даярдык көрүүнүн алкагында Чыңгыз Айтматов проспектинде автоунаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөөлөр коюлары айтылат. Ал эми 31-август күнү Жибек Жолу проспекти, Жусуп Абдрахманов көчөсү, Киев көчөсү жана Манас проспекти менен чектешкен бөлүктөр маал-маалы менен жабылып турат.
"Эгемендүүлүк күнү коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого республика боюнча ички иштер органдарынын 15 миңден ашык кызматкери тартылат. Ал эми Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чарада ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартипке көз салат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна кайрылуу жасап, ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнгөн.
Эгемендүүлүк майрамында чет элдик ырчылар акысыз ырдай турганы айтылды