БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Өлкөдө 310 миң тонна картошка казылды. Орто эсеп менен алганда бул өткөн жылдын ушул учурунан 22 миң тоннага көп экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. ·
Билдирмеге ылайык, бул жылда картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 170 центнерди түзүп, былтыркыга караганда ар бир гектардан 4,2 центнерге көп болууда. Картошка өзгөчө Ысык-Көл, Чүй облустарында жакшы түшүм берген, мындагы дыйкандар гектарынан 184 центнерден түшүм алышууда.
"Мөмө-жемиш, жашылчаларды жыйноо да кызуу жүрүп жатат. Ушул тапта өлкөдө 538,5 миң тонна жашылча жана 221,2 миң тонна мөмө-жемиш жыйналган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,8 миң тоннага көп. Кылкандуу дан эгиндери, буудай, арпа 398,8 миң гектардан жыйналды же жалпы аянттын 81,2 пайызындагы түшүм жыйналып бүттү", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик кылкандуу дан эгиндеринин жыйноого 810 комбайн иштетилип жатканын кошумчалады.