Өспүрүм кызды сексуалдык кулчулукта кармагандар эркиндикте. Акыйкатчынын кайрылуусу

Жабырлануучу аны сабап, коркуткандардын баары эркиндикте жүргөндүктөн өмүрү коркунучта экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, убакытты созбой чара көрүүгө чакырды.
Жаманбаевага бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген 15 жашар кыздын өкүлү кайрылган.
"Жабырлануучунун жактоочусу Жахангир Сайфуллаевдин айтымында, аны ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп коебуз деп коркутуп келишкен. Жосунсуз аракеттерин видеого тартып интернетке чыгарышкан. Алар жаш кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү кардарларынан акча алып турушкан. Акыйкатчы укук коргоо органдарынан адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тез арада бардык чараларды көрүүнү талап кылат", — деп айтылат маалыматта.
Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардам көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат. Жабырлануучу аны сабап, коркуткандардын баары эркиндикте жүргөндүктөн өмүрү коркунучта экенин билдирген.
Кара-Сууда уктап жаткан секелекти уурдап кетип зордуктаган киши өмүр бою кесилди