17 жыл улуу сырды сактаган Бүбүйра Кыдыралиеванын арманы

Sputnik
Бүбүйра Кыдыралиева Сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жер жөнүндө алгачкы маалымат берген инсан. Бүбүйра апа жүрөгүндөгү, мээсиндеги, акыл-эсиндеги оор жүк менен 17-18 жылга чукул өмүр кечирет. Заман жакшыра баштаганда коомго ачыктайын деген аракети ордунан чыкпайт. Акыры тагдыр чекист Болот Абдрахманов менен нан тиштеп, чоочундарга сөз чыгарбоого жана ишти аягына чейин чыгарууга антташат. Чекистке 53 жылдан бери көкүрөгүндө сактап жүргөн сырды ачып, айтып берүү жеңилге турбайт. Саксынып, коомайланып, баары бир чочулаган Бүбүйра апа акыры агынан жарылат.Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашуун чыгаан инсаны совет бийлиги тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн. Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган.
Бүбүйра Кыдыралиеванын бала кездеги маалыматтарынын негизинде 1991-жылы ал жер аныкталып, 137 кишинин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.