Дүйнөнү чочулаткан маймыл чечеги канчалык кооптуу? Эмнелерди билүү керек?

Sputnik
Маймыл чечеги соңку жылдары кайрадан күч алууда. Ушул тапта өлкөлөр боюнча аталган илдетти жуктаргандардын саны 18 миңден ашты. Ал эми 500дөй бейтап каза болду. Алгачкы жолу Африка өлкөсүндө 1970-жылы катталып, тогуз жаштагы бала чалдыккан. Андан бери кайсы бир мамлекеттерде маал-маалы менен катталып турат. Соңку жылдары кайрадан күч алууда. Маймыл чечеги 2022-жылы июль айында көп катталган. Жалпы 80 өлкөдө катталып, 81 миңден ашык адам ооруган.
Алардын көбү Америкада (29 миң учур) катталган. Кыргызстанда аталган илдет менен ооругандар катталдыбы? Бизде дары-дармектер жетиштүүбү? Дарыгерлер бул оору менен алпурушууга даярбы? Кантип коргонот?
Санэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите ооруларын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева жооп берди.