Күздө жергиликтүү кеңештерге жаңы мыйзамдын негизинде шайлоо өтөт

Sputnik
Аймактык админстративдик реформанын алкагында жергиликтүү кеңештерди шайлоо мыйзамына да өзгөртүүлөр кирди. Эми айыл жана шаар депутаттары беш жылга шайланып, майыптыгы бар адамдар квота менен тизмеге киргизилет. Алдыдагы шайлоодо дагы кандай жаңылыктар болот бизге Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева айтып берди.