Радио

Романов: жатак абактар менен пробация кызматы бир эле функцияны аткарууда

Жаза аткаруу, пробация, соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү саясат бөлүмүнүн башчысы Руслан Романов жатак абактарын жоюу учур талабы экенин билдирди.
Sputnik
Учурда жатак абактары менен пробация мекемесинин аткарган функциясы бирдей. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жатак абактарында качууга далалат кылып, мекемеден чыгып кайрадан кылмыш кылгандар бар.
"Жатак абактары — жабык мекемелердеги союз убагынан бери келе жаткан режимдин түрү. Ал кезде беш жылдык иш-мерчемдер түзүлүп, тиешелүү жумуштар жүргүзүлчү. Башкача айтканда, Союздун бүт тутумдарын ээлеп келген. 221-кодексте деле соттук чечимдердин негизинде гана жабык мекемелерге чечим чыккан кылмышкерлер гана киргизилери жазылган. Заман өзгөрүп жатат, илгеркидей эмес. Экономикалык багыт жана жаза өтөөнүн түрлөрүнө көп кошумчалар кирүүдө. Акыркы кезде пробация институту жакшы өнүгүп жатканы маалым. Анын негизинде эле биздин жабык абактар өзүн-өзү жокко чыгарууда. Муну түп-тамырынан изилдедик, бир күндө эле чечип салган жокпуз. Министрибиз маалымат жыйын өткөргөндө пробация менен жатак абактарынын кызматы бирдей болуп жатканын билдирген. Ага ылайык, Юстиция министрлигинде тийиштүү буйрук чыккан. Пробация менен жатак абактарынын функциялары бири-бирине окшошуп кетет. Экөө кайрадан кылмыш жасагандардын саны менен эле айырмаланат. Жатак абактарында жабык мекеме катары кылмышкер майрамдарда гана сыртка чыгууга уруксат алат. Калган учурда ичинде болот. Пробацияда кардардын жүрүм-туруму гана көзөмөлдөнөт. Бир функцияны аткарган эки башка мекемени бир эле институт менен көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү бар болуп жатса аны эмнеге колдонууга болбосун", — деди Романов.
Ал электрондук билериктерди жана мобилдик тиркемени ишке киргизүү үчүн иштер жасалып жатканын кошумчалады.