Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина аймагынын үстүнөн учкан канаттуу ракеталардын видеосу

Америкалык F-16 истребителдери жайгашкан Ивано-Франков аймагындагы аэродромдо жарылуу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Социалдык тармактардын жергиликтүү колдонуучулары Украина аймагынын үстүнөн учкан канаттуу ракеталардын видеосун жарыялады.
Аны Sputnik Ближнее зарубежье Telegrаm каналы чыгарган.
Украинада аба кооптуулугу боюнча айгай салынган, бул Москва убактысы боюнча алганда саат таңкы алты эле.
Киев, Харьков, Полтава, Винница, Днепропетровск, Хмельницкий, Ивано-Франков, Львов, Одесса облустарында бир канча жарылуу болгону айтылды.
Америкалык F-16 истребителдери жайгашкан Ивано-Франков аймагындагы аэродромдо жарылуу болгон. Львовдо чабуулдан кийин экинчи жарылуулар башталган. Украинанын эл жашаган жерлеринин жана аймактардын бир бөлүгү электр кубатысыз калган. Алардын арасында Львов, Хмельницкий, Ровно, Житомир жана Ивано-Франков облустары бар.
Украинадагы жалгыз телемарафон сокку урулган учурда электр энергиясы өчкөндүктөн ишин убактылуу токтоткон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Ири эскалация". Батышта Киевдин Россия боюнча жаңы планы тууралуу айтылды