"Акылга сыйбайт". Telegram командасы Дуровго коюлган доо боюнча билдирүү кылды

Компаниядан кырдаалдын тез арада жөнгө салынышын күтүп жаткандыктарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Telegram командасы аталган социалдык тармактын негиздөөчүсү Павел Дуровго Францияда коюлган доо боюнча комментарий беришти.
"Telegram ЕБдеги бардык, мунун ичинде санариптик кызмат боюнча мыйзамдарды бекем сактайт. Анын модерациясы тармактык стандарттарга жооп берет жана ар дайым өнүгүп турат. Telegram тармагынын башкы директору Павел Дуровдун жашыра турган эч нерсеси жок жана Европа боюнча көп саякаттайт. Платформа же анын ээси бул платформаны кыянаттык менен пайдаланат дегендери акылга сыйбайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Социалдык тармактын командасы кырдаалдын тез арада жөнгө салынышын күтүп жаткандыктарын айтышты.
Эске салсак, ишемби күнү кечинде Франциянын ЖМКлары Telegram платформасынын ээси Дуровдун Ле-Бурже аэропортунда кармалганын айтышты. Окуя ал Азербайжандан келип, менчик учактан түшүп келе жатканда аэропортто болгон.
Жергиликтүү ЖМКнын билдиргенине караганда, Дуровдо Франция жарандыгы бар, өлкөдө издөөгө алынган адамдардын катарында турат.
Сот аны бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп эсептейт, анын ичинде Telegram платформасынын өлкөнүн бийлиги менен кызматташуудан баш тарткандыгын да себеп катары кошууда.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова ЖМКларга Москвнын ишкерге жолукканга мүмкүнчүлүк берилиши боюнча нота жибергендигин, бирок Париж анын Франция жарандыгын бетке кармап жаткандыгын билдирген. Өкүл Россия бул окуяга эл аралык уюмдар кандай реакция кыларын байкап турарын кошумчалаган.
Медведев: Дуров Россиянын душмандары үчүн орус, ошондуктан ал коркунучтуу