Симоньян Франция бийлиги Дуровду эмнеге кармагандыгын айтты

Симоньян Telegram платформасын жазышуу үчүн колдонгондорду буга чейинки жеке каттарын өчүрүп салууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Франция Telegram платформасын түптөгөн Павел Дуровду мессенджерге кире турган санариптик ачкычтарды алуу үчүн кармады, ал берет. Мындай билдирүүнү "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян өзүнүн каналына жазды.
Ал Telegram платформасын жазышуу үчүн колдонгондорду буга чейинки жеке каттарын өчүрүп салууну сунуштады.
"Телегага сезимтал каттарды жазганга көнүп алгандар же жазышып жүргөндөр дароо аларды өчүрүп салып, мындан ары андай кылбашы керек", — деп жазган Симоньян.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-августунда, ишемби күнү, кечинде Франциянын ЖМКлары Telegram платформасынын ээси Дуровдун Ле-Бурже аэропортунда кармалганын билдиришти. Окуя ишкер Азербайжандан келип, менчик учактан түшүп келе жатканда аэропортто болгон.
Жергиликтүү ЖМКнын билдиргенине караганда, Дуровдо Франция жарандыгы бар, өлкөдө издөөгө алынган адамдардын катарында турат.
Сот аны бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп эсептейт, анын ичинде Telegram платформасынын өлкөнүн бийлиги менен кызматташуудан баш тарткандыгын да себеп катары кошууда.
Ишкерге террорчулук, баңгизат сатуу, алдамчылык жана балдарга каршы кылмыштар боюнча айып тагылып, Францияда 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин жазышууда.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова ЖМКларга Москванын ишкерге жолукканга мүмкүнчүлүк берилиши боюнча нота жибергендигин, бирок Париж анын Франция жарандыгын бетке кармап жаткандыгын билдирген. Өкүл Россия бул окуяга эл аралык уюмдар кандай реакция кыларын байкап турарын кошумчалаган.
"Акылга сыйбайт". Telegram командасы Дуровго коюлган доо боюнча билдирүү кылды