Путин: өлкө экономикасы жакшы темп менен өнүгүп жатат

Россияда жумушсуз отургандардын саны болгону 2,4 пайызды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Россиянын экономикасы былтыркыдай эле жакшы темп менен өсүүнү улантууда. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал видеоконференция аркылуу экономикалык маселелер боюнча өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу өткөргөн.
"Бүгүн мен өкмөттөгү жана Борбордук банктагы кесиптештерим менен 2030-жылга чейинки мезгилге карата экономикалык саясаттын негизги багыттарын талкуулоону сунуштайм", — деди Путин.
Президент инфляцияны ооздуктоо үчүн өкмөт менен Борбордук банктын макулдашылган аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилеген.
"Инфляцияга каршы күрөшүү үчүн биринчи кезекте товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону көбөйтүү керектиги айдан ачык", — деген ал.
Путин ошондой эле Россияда жумушсуздук эң төмөнкү деңгээлде экенин, июнь айында ишсиз отургандар 2,4 пайызды гана түзгөнүн кошумчалады.
"Дүйнөлүк масштаб". АКШда экономикалык кыйроо тууралуу айтыла баштады