БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун эки бир тууганы Русланбек жана Исламбек Матраимовдор айыпка жыгылганын Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.
Айыпкерлер Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз ишкерлик же банк ишмердүүлүгү" беренеси менен күнөөлүү деп табылышкан.
Бир туугандардын ар бирине 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынган, бул 50 миң сом дегенди билдирет.
Соттон тергөөнүн жүрүшүндө айыпкерлер менен прокуратуранын ортосунда күнөөнү моюндоо боюнча процессуалдык макулдашуу түзүлгөнүн түшүндүрүп беришти.
Эскерте кетсек, мартта УКМК Азербайжандан Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду жана анын Тилек, Руслан жана Исламбек аттуу бир туугандарын экстрадициялаган. Тилек Матраимовго Оштун Кара-Суу районунун акими болуп турганда жер алдындагы өтмөктүн курулуш иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген күнөө коюлган. Бир айдан кийин камактан чыгып, 300 миң сом төлөмөр болгон.