Окуу китептеринин электрондук варианты атайын платформага жүктөлөт

Учурда 5-11-класстардын окуу китептеринин электрондук варианты иштелип чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Сентябрда бардык китептердин электрондук варианты атайын платформага жүктөлөт. Бул туралуу билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда 5-11-класстардын окуу китептеринин электрондук варианты иштелип чыккан.
"Сентябрдын башында өлкө боюнча бардык мектепке электрондук мектеп платформасын киргизебиз. Ал жерде китептердин электрондук варианты жүктөлөт. Окуучу да, мугалим да керек болгон китебин ошол жактан табат. Ал жакта жөн эле pdf формат эмес, жандуу болот. Мазмунга жараша презентация, аудио, видеоматериалдар жайгашат", — деген министрдин орун басары.
Касымалиев бүгүнкү күндө мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 миллион 816 миң 255 окуу китеби бар экенин белгиледи. Бул жалпы керектөөнүн 68,5 пайызын түзөт. Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына, предметтик стандарттарга жана окуу программаларына ылайык, мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 миллион 236 миң 466 нускада окуу китеби керек экени айтылды.
Министрлик окуу китептери жайгаштырылган билим берүү ресурстарын да жарыялаган:
Электрондук китепкана;
Билим булагы;
Айбилим.
Бул акысыз ресурстар бардык кызыкдар жактар үчүн жеткиликтүү.
Билим берүү министрлиги мектептердин каникул күндөрүн жана окуу жылын аныктады