Легионердин жаагы сынган окуя. Бир оюнчу футболдон 5 жылга четтетилди

Чыккан чырдан улам "Мурас Юнайтед" клубунун оюнчусу четтетилип, машыктыруучулар штабы жана спорттук директор кызматтан алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Мирбек Ахматалиев беш жылдык мөөнөткө оюндардан четтетилгенин Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Бирикмеге "Мурас Юнайтед" клубунун жетекчилигинен кат келип, анда машыктыруучулар штабы менен спорттук директор 15-августта машыгуу учурунда оюнчулар ортосунда чыккан чырдан улам кызматтан алынганы айтылган.
"Чет жактан келген оюнчу Евгений Терзинин (украиналык — ред.)" жаагы сынган. Чырды клубдун оюнчусу Мирбек Ахматалиев баштаганы аныкталды. Клуб бул футболчу менен мамилени токтоткон", — деп айтылат маалыматта.
22-август күнү КФСтин тартип комитетинин жыйыны өтүп, клубдун кайрылуусу каралган. Жыйынтыгында Мирбек Ахматалиевге футбол ишмердүүлүгүнө беш жылга чейин катышууга тыюу салынды.
"Кыргыз футбол биримдиги агрессия жана зордук-зомбулук көрсөткөн деструктивдүү аракеттерди бир беткей айыптайт", — дешти союздан.
Гүлжигит Алыкулов гол киргизип, Олимпиададагы түркиялык аткычты туурады. Видео