Кыргызстандагы жаңы Ак үй 31-августта расмий ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүндө жаңы Ак үйдүн салтанаттуу ачылыш аземи болот. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Бишкектин түштүгүндөгү имаратты курууга эки жылдан ашык убакыт кетти.
Жаңы имарат "Ынтымак – Манас Ордо" деп аталат. Участоктун жалпы аянты — 25,78 гектар. Объект Чыңгыз Айтматов проспектиндеги "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулду. Азырынча мамлекет башчынын администрациясы менен министрлер кабинети качан көчөрү белгисиз.
Жаңы Ак үйдүн курулушу бүткөнү калды. Асмандан көрүнүшү