ТИМ: Германиядагы кол салууда Кыргызстандын жарандары жабыркаган жок

Буга чейин кармалган өспүрүм кыргызстандык болушу мүмкүн экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Германиянын Золинген шаарындагы фестивалда адамдарга кол салуу учурунда жабыркаган жана андан көз жумгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, окуя өткөн жумада болгон. Золинген шаарында белгисиз адам фестивалдын катышуучуларына бычак менен кол салган. Натыйжада үч адам каза болуп, сегизи жаракат алган. Шектүү качып кетүүгө үлгүргөн, бирок кечээ полиция кызматкерлерине багынып берген. Анын теги сириялык экени айтылды.
Кол салууга байланыштуу бир өспүрүм кармалып, анын кыргызстандык болушу мүмкүн экенин жергиликтүү басылмалар божомолдошкон.

"Кыргызстандын Германиядагы элчилиги берген маалымат боюнча, окуядан жабыркагандардын жана каза тапкандардын арасында КР жарандары жок. Ал эми кармалган баланын өздүгү жана Кыргызстанга тиешелүүлүгү такталып жатат", — дешти ТИМден.

Маселени министрлик өз көзөмөлүнө алган.
Британияда митингчилер мигранттар жашаган отелди өрттөп жибере жаздашты