Легионер менен чатакташа кеткен футболчу Ахматалиев камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Футболчу Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камакка алынганын Биринчи май райондук соту кабарлады.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси "Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү" боюнча айыпталып жатат. Футболчу №1 тергөө абагында.
Буга чейин "Мурас Юнайтед" клубу Бишкекке машыгууга келгенде чыр-чатак болуп, анда Украинадан легионер болуп келген Евгений Терзи жаракат алып, жаагы сынганы айтылган.
Окуядан кийин Кыргыз футбол союзу чырды баштады деген оюнчу Мирбек Ахматалиевди футбол ишмердүүлүгүнөн 5 жылга четтеткен.
Гүлжигит Алыкулов гол киргизип, Олимпиададагы түркиялык аткычты туурады. Видео